Ысык-Көлгө унаасы менен кирген жаран изделип жатат
Социалдык тармактарда унаа менен көлгө кирген жарандын видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео Чырпыкты айылында тартылган.
ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу изделип жатканын билдирди. "Видеодогу унаа изделүүдө, тийиштүү чара көрүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram