SerepTV Logo

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм. Ал оорусунан улам өзүнө кол салганбы?

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм. Ал оорусунан улам өзүнө кол салганбы?
Кечээ, 27-майда ӨКМдин басма сөз кызматынан Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-Балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүмдүн көлгө чөгүп кеткенин билдиришкен эле. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБ менен байланышты. Маалыматка караганда, өспүрүм Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окучу. Сөөгүн суудан алып чыгып, кароо жүргүзгөн учурда анын асынган рюкзагынан таштар табылган. "26-майда Ысык-Көл ОИИБге жергиликтүү тургундардан көлдө белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке ӨКМ менен ОИИБдин кызматкерлери барып, жансыз денени суудан алып чыгышкан. Анын денесин кароо учурунда, денесинен эч кандай зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Анын рюкзагынан таштар табылган. Баланын ата-энеси уулунун лейкемия менен ооруп жүргөнүн айтышты. Бирок өспүрүм оорусу жөнүндө билчү эмес экенин айтышты", - дешти алар. Ал эми айрым ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, баланын ата-энеси бир нече күн мурун өспүрүм анализге кан тапшырганын айтышкан. Өспүрүм лейкемияга (кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу) кабылганын билгенден кийин апасына мындай оору менен жашай албастыгын билдирип, смс-кат жөнөткөн. 26-май күнү кечинде ал Бишкектеги үйүнөн белгисиз тарапка чыгып, дайынсыз жоголгон.
edita