Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн курал-жарак жана күрөң аюунун терилери табылды
Ысык-Көлдө 1975-жылы туулган жарандын үйүнөн курал-жарак, ок жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан күрөң аюулардын терилери табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 267-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
«Сары-Жаз» сырт өрөөнүнүн тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан эки күрөң аюунун терилери табылган. Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, аюулардын терилери кайдан чыгышын аныктоо боюнча терөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="107278,107279,107280,107281"]