Ысык-Көлдөгү рейдде 15 ок атуучу курал табылса, издөөдө жүргөн 2 адам кармалды
Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 курал-жарак алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
"Он күндүк операциянын жүрүшүндө, лицензиялык-уруксат берүү кызматы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен бирдикте 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталып, Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүп, жалпы 15 миӊ сом өлчөмдө айып пул салынды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулганын, же колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Операциянын жүрүшүндө 28 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 2 адам кармалды жана баӊги кылмышы менен байланышкан 11 факты ашкерленди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56824,56826,56827,56828,56829"]