Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатынан өрт чыкты
Ысык-Көлдө пансионаттын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жайгашкан “Радуга” пансионатынын аймагында өрт чыкканы тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына кечээ, 5-апрелде саат 17:13 чамасында түшкөн. Ошол жерге бир өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлгөн.
Тилсиз жоодон коттедждин 8 чарчы метр ички жасалгасы, эшик, электр зымдары жана суу ысытуучу бойлер күйгөн. Бир саат дегенде өрт өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.