SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга жолдомо алып берем деп 1 миллион сомдон ашык акча алган шектүү кармалды

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга жолдомо алып берем деп 1 миллион сомдон ашык акча алган шектүү кармалды
Бишкекте Ысык-Көлдөгү 3 пансионатка жолдомо алып берем деген шылтоо менен 1 миллион 117 миң сомду алып, из жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБиден билдиришти. "21-июль күнү М.Б. аттуу жаран И. аттуу айым 7-майдан 25-июнга чейин "Көгүлтүр Ысык-Көл", “Кыргызское взморье”, “Аврора” пансионаттарына жолдомо алып берем деп ишенимине кирип андан 1 миллион 117 миң сомду алып, сөзүндө турбай койгонун айтып арыз менен кайрылган.  Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1990-жылы туулган А.И. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка дагы алдамчылык иштерине катыштыгы бар-жогу териштирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.