SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде курал менен жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде курал менен жүргөн жаран кармалды
4-июль күнү Ысык-Көл РИИБдин ыкчам кызматкерлерине Баетов айылында жайгашкан пансионаттардын биринде 45-50 жаштагы адам мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрөт деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Аталган маалымат райондук милицияга катталып, Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын аты-жөнүн аныкташкан. Ал Чүй облусунун Лебединовка айылынын 49 жаштагы тургуну экени аныкталган. Кароо жүргүзүүдө андан «ТТ» үлгүсүндөгү тапанча, алты огу менен далил зат катары табылып алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жана кошумча далил заттарды табуу максатында мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын жашаган үйүндө дагы тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда тапанча үлгүсүндө кошумча курал, 10 огу менен табылып алынган. Тергөө амалдары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62479,62480,62481"]