Ысык-Көлдөгү пансионатта Бишкек шаарынын тургунуна бычак сайылдыбы? Милициянын жообу
Кечээ, 26-июнда социалдык тармактын колдонуучулары "Радуга" пансионатынын түнкү клубунда жергиликтүүлөр эс алуучуну бычак менен сайганы тууралуу жазып чыгышкан.
Окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБ маалымат берип, бычактоо фактысы болбогонун билдиришти. Ал эми ар кандай ушактарды жаратпоо үчүн төмөндөгүнү кабарлашты.
26-июнда саат 04:00 чамасында Ысык-Көл ОИИБге Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган жараны жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Сурак учурунда жаран "Радуга" пансионатынын түнкү клубунда Бишкек шаарынын тургуну менен урушуп кетишкенин, анын кесепетинен жаракат алганын билдирген.