Ысык-Көлдөгү майнинг-ферманын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду (видео)
Кечээ, 1-майда Ысык-Көл облусундагы майнинг-фермасынын (криптовалюта өндүрүшүнүн) Кыргызстандын электр тармактарына ири зыян келтирдиги боюнча мыйзамсыз иши аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Курментицемент" ААК цемент заводунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Күрмөнтцемент" майнинг-фермасы ишмердүүлүгүн электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.
Бул факты улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү боюнча 2 миңге жакын жабдуу алынды. Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.
[video width="640" height="360" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/whatsapp-video-2021-06-02-at-09.58.53.mp4"][/video]