SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 42 жаштагы айдоочу жандандыруу бөлүмгө түштү (видео)

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 42 жаштагы айдоочу жандандыруу бөлүмгө түштү (видео)
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Каракол – Ананьево – Балыкчы унаа жолунун 70-чакырымында Toyota 4Runner менен Daewoo Labo кичи жүк ташуучу унаалары сүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагынан билдиришти. Маалыматка караганда, эки унаа тең бир багытта бара жатып, жүк ташуучу унаанын айдоочусу бурулууга аракет кылганда катуу келе жаткан жол тандабас коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Daewoo унаасынын 42 жаштагы айдоочусу Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.