SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү жол кырсык. 53 жаштагы жаран ооруканада көз жумду

Ысык-Көлдөгү жол кырсык. 53 жаштагы жаран ооруканада көз жумду
Каракол-Эңилчек жолунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү саат 16:20 чамасында Түп районунун Жылуу-Булак айылынын 1999-жылы туулган тургуну жүк ташуучу Мерседес-Бенц-313 үлгүсүндөгү унаасы Каракол-Эңилчек жолунун 3-чакырымынан карама-каршы тилкеге чыгып, Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1990-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү уунасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышкан. Кырсыктын кесепетинен Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү унаанын 6 жүргүнчүсү Ак-Суу райондук ооруканага жаткырылган: - Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.К.К. - Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1959-жылы туулган тургуну Ж.Б.У - Каракол шаарынын 1971-жылы туулган тургуну У.А.Т. - Түп айылынын 2005-жылы туулган тургуну Ш.А.М. - Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.М.М. Ал эми Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1968-жылы туулган тургуну Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты. Учурда Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.