Ысык-Көлдөгү 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Каза болгондор 22 жаштагы жигиттер
Кечээ, 8-июнда саат 04:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында BMW 525 жана AUDI C4 үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, 3 адам көз жумган. Окуя тууралуу маалымат алуу үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыктан 1999-жылы туулган жигиттер көз жумган.
"Ауди үлгүсүндөгү унааны Ак-Терек айылынын 1999-жылы туулган тургуну, ал эми BMW үлгүсүндөгү унааны Жети-Өгүз айылынын 1999-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Ауди унаасынын жүргүнчүсү - Ак-Терек айылынын 1999-жылы туулган тургуну аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ак-Терек айылынын дагы эки тургуну - 2000-жылы туулган жана 2001-жылы туулган жарандар ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.