SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир адам каза тапты

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир адам каза тапты
Кечээ, 23-мартта Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, саат 07:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда, тагыраагы, Сары-Ой айылында жолдун жээгинде токтоп турган унааны Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен сүзгөн унаанын айдоочусу каза болгон. Учурда аты-жөнү такталууда. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Unknown Author