SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 29 жана 19 жаштагы жигиттер көз жумду (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 29 жана 19 жаштагы жигиттер көз жумду (сүрөт)
Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул туралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, түнкү саат 01:00 чамасында Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен 1992-жылы жана 2002-жылы туулган эки жаран каза болуп, 2002-жылы туулган жигит жаракат алган. Жаракат алган жаран Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилип, ал эми куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон жарандарды унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55873,55874,55875"]
edita