SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү үч баланын өмүрүн алган өрт. Кырсык болгон жерден сүрөттөр

Ысык-Көлдөгү үч баланын өмүрүн алган өрт. Кырсык болгон жерден сүрөттөр

Кечээ, 29-декабрда Ысык-Көлдө үйдөн өрт чыгып, 3 бала көз жумганы маалым болгон.

Кырсык саат 15:15 чамасында болгон. ӨКМге Ак-Суу районундагы Каракол айылынын Имаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:20да чектөөгө алынып, толук 22:33тө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үч бала - 2 жаштагы кыздар жана 5 жаштагы бала каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="92032,92033,92034,92035"]