SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү эне менен баланы өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектен кармалды

Ысык-Көлдөгү эне менен баланы өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектен кармалды
Ысык-Көл облусунун Кашат айылындагы 54 жаштагы аялды уулу менен өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн 3-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. “Кылмышка шектелген 26 жаштагы Ж.А. Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектен кармалды. Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти”,- деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иштери уланып жатат. 1-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Кашат айылындагы үйлөрдүн биринен эне жана баланын жансыз денеси табылган. Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары каза болгон аялдын инисинин баласы, мурда соттолгон 1995-жылы туулган жаран аныкталып, ал издөөгө алынган болчу.
edita