Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинин короосун да суу каптады (видео)
Сел Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинин короосун да каптады. Социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тарады.
Буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн Булан-Сөгөттү айылындагы «Аврора», «Аврора+», «Нептун» эс алуу жайларын каптаганын билдирген. Ошондой эле Корумду айылындагы «Семирам» эс алуу жайларын да каптаганын билдиришкен.