Ысык-Көлдөгү 2 жигиттин өмүрүн алган жол кырсык. Жабыркаган жигиттин буту сынып кеткен
Бүгүн, 16-июнда түнкү саат 01:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Унаанын ичиндеги 3 жигиттин экөөсү - 29 жана 19 жаштагы жарандар каза болуп, бирөө жаракат алган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабыркаган жигиттин абалын билүү үчүн Түп райондук ооруканасынын башкы дарыгери менен байланышты.
Маалыматка караганда, жабыркаган жигит Күрмөнтү айылынын 2002-жылы туулган тургуну. Учурда жигиттин абалы орто оор абалда. "Жабыркаган жарандын абалы орто оор. Анын оң буту сынып кеткен. Учурда биз облустук ооруканадан травматологдордун бригадасын чакырттык. Алар келип, жигитти Караколдогу ооруканага алып кетишет", - деди ал.