SerepTV Logo

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жарандын жер тилкесин башкага жаздырып бермек болгон

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жарандын жер тилкесин башкага жаздырып бермек болгон
Ысык-Көлдө опузалап талап кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Милицияга 45 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, белгисиз жаран коркутуу жолу менен Бостери айылында жайгашкан жер тилкесин башка адамга жазып берүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз Ысык-Көл ОИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган жаран аныкталган. Ал кармалып, камакка алынды.