Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды
Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 46 жаштагы тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде турат.
Кармалган жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анда өзгөчө жыты бар баштыкка оролгон зат алынган. Белгиленгендей, текшерүүдө алынган заттын салмагы 750 граммды түзгөн.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси боюнча катталган жана сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.