SerepTV Logo

Ысык-Көлдө унаанын ичинен тоо текенин эти табылды

Ысык-Көлдө унаанын ичинен тоо текенин эти табылды
Ысык-Көл районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 11-февралда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө район аймагында белгисиз жарандар мыйзамсыз аңчылык менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул билдирүү Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү иштеринин алкагында, 11-февралда түнкү саат 02:30 чамасында Чоң-Сары-Ой айылынын аймагында Опель Монтерей үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, мыйзам чегиндеги процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Текшерүү маалында унаанын ичинде 1989-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылынын тургуну жана 1972-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын тургуну экени такталган. Унаанын ичинен тоо теке эти, ок атуучу куралдар, аларга тиешелүү оптикалык приборлор, 30 даана ок-дары, анын ичинде 5 даана гильза табылган. Шектүүлөрдүн мыйзамдуу аңчылык жүргүзүүгө укук берүүчү уруксат кагаздары жок экени аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, Ысык-Көл регионалдык экологиялык жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын маалымдамасына ылайык, жаратылышка келтирилген зыяндын суммасы 300 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында, кылмыш иши 2025-жылдын 20-майында айыптоо корутундусу менен Ысык-Көл райондук сотуна кароо үчүн жиберилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="285750,285751"]
edita