SerepTV Logo

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн курал-жарак табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн курал-жарак табылды (сүрөт)
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Ноябрь айынын ортосунда милицияга райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, маалыматта көрсөтүлгөн адамды аныкташкан. Ал Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы тургуну болуп чыккан жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүк алынган. Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү. Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="219875,219876,219877,219878,219879"]