Ысык-Көлдө Тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген 7 айдоочуга айып салынды
Кечээ, 14-июнда жол тескөөчүлөрү, Тез жардам станциянын кызматкерлери менен биргеликте салтка айланган «Маяк» рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Бул иш-чаранын максаты - жол эрежелерин сактабаган жана атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарын өткөрбөгөн айдоочулардын арасында эреже бузуучуларды аныктоого багытталган. Рейд аймактагы автоунаалар эң көп жүрүүчү жолдордо өттү. Бир күндүк рейддин жүрүшүндө 21 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен 7 айдоочу атайын белги коюлган унааны өткөрбөй коюшту. Аларга карата протоколдор түзүлүп, ар бир айдоочуга 10 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бөлүм башчысы атайын унааларды өткөрүп берүү маанилүү экендигин жана алардын окуя болгон жерлерге тез арада келишинен адам өмүрүн куткаруу мүмкүн болорун, айдоочуларга эске салуу менен белгиледи.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55477,55478,55479,55480"]