SerepTV Logo

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок иштебейт. Эң башкысы бала аман болсо экен", - деп жазылат анын соцтармактагы баракчасында. Буга чейин Ысык-Көлдө скутерлерди колдонууга жарым-жартылай тыюу салынган. Аталган мыйзамды депутат Эльдар Сулайманов демилгелеп чыккан.
info