SerepTV Logo

Ысык-Көлдө шаар куруу жана архитектура башчысы опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Ысык-Көлдө шаар куруу жана архитектура башчысы опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Ысык-Көлдө облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы мурда алган парасын кайтарып берип жатып кармалган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын башчысы М.К. тарабынан Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду пара берүүгө мажбурлаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 3-февралда мурда алынган параны кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="272448,272445,272447"]