SerepTV Logo

Ысык-Көлдө сел жүрүп, унаа өтүүчү жолду суу каптады (сүрөт)

Ысык-Көлдө сел жүрүп, унаа өтүүчү жолду суу каптады (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 30-августта саат 17:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 36-37-чакырымын каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Унаа жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 13 куткаруучу тартылды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="70078,70079,70080"]