Ысык-Көлдө Рыспек Акматбаевдин ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат
Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында маркум Рыспек Акматбаевдин ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
- Акматбаев Абдымалик Акматбаевич 1937-жылы 7-мартта туулган. Жол техникумун бүтүргөн, колхоздо гараждын башчысы болуп иштеген. Ал жактан пенсияга чыккан.
- Сабира Содалиева 1942-жылы 15-сентябрда туулган. Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарындагы медициналык окуу жайды аяктаган. Пенсияга чыкканга чейин Чолпон-Ата шаарындагы кургак учукка каршы диспансерде медициналык кызматкер болуп иштеген.