SerepTV Logo

Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгон 44 жаштагы аял. Сот жолдошунун өкүмүн өзгөрттү

Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгон 44 жаштагы аял. Сот жолдошунун өкүмүн өзгөрттү
Ысык-Көл облустук сотунун 5-сентябрдагы өкүмү менен Ысык-Көл райондук сотунун 26-майдагы айыпталуучунун өкүмү өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Шектүү күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 5-сентябрынан баштап эсептелинип, жазаны жалпы тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Конституциялык соттун чечиминин негизинде айыпталуучунун 2022-жылдын 10-майынан 2023-жылдын 26-майына чейинки камакта болгон бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.
  • 10-май күнү милицияга райондук-аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү маалымдалган. Реаниматологдун маалымытына ылайык, аялдын баш мээсине оор жаракат кеткендигинен, кома абалына түшкөн. Аталган  факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 50 жаштагы жогорудагы аялдын күйөөсү Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүнү суракка алууда 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон. Эртеси, 10-май күнү таңкы саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготкон абалында таап, Тез жардам чакырган. 11-май күнү аял эсине келбестен каза болгон. Ысык-Көл райондук соту аны зот залынан бошотуп жиберген.