SerepTV Logo

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөндөр аныкталып, кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап жүргөндөр аныкталып, кылмыш иши козголду
Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында үзгүлтүксүз жүргүзүп келген рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 үйлөмө кайык, 88 чабак, 12 форель, 6 судак жана 28 сига балыктары табылган. Аталган фактылар Түп районун Кудургу айылынын аймагындагы көл булуңунда, Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен  аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="179742,179743,179744,179745,179746"]