SerepTV Logo

Ысык-Көлдө көгала болуп сабалган келин. 28 жаштагы жаран камакка алынды

Ысык-Көлдө көгала болуп сабалган келин. 28 жаштагы жаран камакка алынды
Кечээ, 15-майда социалдык тармактарда укук коргоочу Камил Рузиев маалымат таратып, Каракол шаарынын тургуну кайрадан жолдошу тарабынан сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылганын, милиция кылмышка шектүүнү камакка албай жатканын жазып чыккан. Укук коргоочунун айтымында, жабырлануучунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден мындай маалымат чындыкка дал келберин билдиришти. Маалыматка караганда, 14-майда Ысык-Көл облустук ооруканасынан милицияга чалуу түшкөн. Анда 1984-жылы туулган аял кишинин денесиндеги жаракаттары менен кайрылганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 177-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголгон. Ал жерге барган милиция 1993-жылы туулган жолдошу жабырлануучуну кызганычтан улам сабаганын аныктап, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү камакка алынды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="110528,110529"]