SerepTV Logo

Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектүү камакка алынды

Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектүү камакка алынды
Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектелип кармалган жаран камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү 2 ай Караколдогу СИЗО-23тө камакта болот. 16-июль күнү саат 07:40 чамасында милицияга Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну Лексус-330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык велосипедчен 58 жаштагы жаранды сүзгөнү, кырсыктан улам, казахстандык жаран окуя болгон жерден каза тапканы маалым болгон. Кийинчерээк маркумдун жогорку категориядагы машыктыруучу, жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Мурат Жузгенбаев экени белгилүү болгон. Анын сөөгү Алматы облусунун Жамбыл районуна караштуу Унгуртас айылында жерге берилери маалымдалган.