SerepTV Logo

Ысык-Көлдө каза тапкан 23 жаштагы жигит. Дагы 2 милиция кызматкери кармалды

Ысык-Көлдө каза тапкан 23 жаштагы жигит. Дагы 2 милиция кызматкери кармалды
Бостериде 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты. Маалыматка ылайык, кармалгандар 48 саатка камакка алынды. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат. Буга чейин иш боюнча 3 милиция кызматкери кармалган. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.