SerepTV Logo

Ысык-Көлдө кароосуз шахта урап, анын ичинде калган эркек киши каза болду

Ысык-Көлдө кароосуз шахта урап, анын ичинде калган эркек киши каза болду
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, ичинде 1963-жылы туулган эркек адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ал жерге саат 19:50дө 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Куткаруучулар терс окуясыз туруктуу жайгашкан ордуна кайтып келишти. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="83460,83461"]