Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 5 адам көз жумду (сүрөт)
Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымыда жүргүнчү ташуучу Мерседес-Бенс-Спринтер менен Ман үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон, анын ичинен 5 адам каза болуп, 10 адам жабыркады. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда. Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68442,68443,68444,68445,68446,68447"]