Ысык-Көлдө жыл башынан бери уктап кеткен айдоочулардын айынан 5 адам көз жумган
Ысык-Көлдө жыл башынан бери уктап кеткен айдоочулардын айынан 5 адам көз жумган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери айдоочу рулда уктап кетип, жол кырсыкка кабылган 5 факты катталган. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 11 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен бешөө өспүрүмдөр.
"Ысык-Көл облусунун аймагы аркылуу өткөн Балыкчы-Ананьево-Каракол жана Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда түнкүсүн да тынымсыз транспорт каражаттары жүрүп турат. Ошол эле учурда, көптөгөн айдоочулар жүздөгөн жана миңдеген чакырым аралыкта, анын ичинде түн ичинде жол жүрүшөт. Мындай учурда айдоочулар чарчагандыктан, унааны башкарып бара жатып, уктап калышы мүмкүн. Бул жол кырсыгына кабылуу коркунучун бир топ жогорулатат. ЖКККБнын кызматкери айдоочуларды узак жол жүргөндө шашпоого, чарчасаңыз автоунааны токтотуп, эс алууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.