Ысык-Көлдө жол кырсыктан 18 жаштагы жигит көз жумду. Дагы 3 жигит ооруканада
Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында Шаты - Ичке-Суу - Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган жигит каза болуп, дагы 2003-жылы туулган 3 жигит жабыркаган.
Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин №34 куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.