SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

Ысык-Көлдө жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)
Түп районунун Теплоключенко айылындагы Каракол—Эңилчек жолунда адам өмүрү кыйылган жол кырсык катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 26-ноябрда саат 16:30 чамасында катталган. 61 жаштагы жаран Nissan X-Trail унаасын кар жааганына карабай катуу айдаган. Анын кесепетинен унааны башкара албай, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Унаада жайкы дөңгөлөктөр кышкыга алмаштырыла элек болчу. Nissan X-Trail карама-каршы тилкеге туруп калганда аны Subaru Forester унаасы сүзгөн. Субаруну 34 жаштагы жаран башкарып жүргөн. Ал унаасын токтотконго жетишпей калган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 3 киши жаракат алды. Учурда көз жумган адамдардын өздүгү аныкталууда. Кылмыш иши козголду. «Бул жолду №11 жол тейлөө мекемеси карайт. Анын жумушчулары жолдогу карды тазалап, кум же туз чачышкан эмес», - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85733,85734"]