SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды. Каза болгондор бар
Бүгүн, 24-июнь күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолунун 26,100-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициядан билдиришти. "Кырсыктын кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген. Факты Ысык-Көл РИИБге катталып, учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта. Социалдык тармактарда тарап жаткан видеолордо 4 киши каза болгону айтылып жатат.
edita