SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жигитти өлтүрдү делип 24 жаштагы жаран менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды

Ысык-Көлдө жигитти өлтүрдү делип 24 жаштагы жаран менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды
Айрым ЖМКлар Ысык-Көлдө айылдашынын өлүмүнө өспүрүм айыпталып жатканын, анын убактылуу кармоочу жайда экенин жазып чыгышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя боюнча комментарий беришти. Маалыматка караганда, 7-май күнү саат саат 17:05 чамасында милицияга Ак-Кочкор айылындагы суунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымдалган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 20-25 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денесин табышкан. Анын жанынан канга окшош күрөң тактары бар таштар жана таяктар да табылып алынган. Жабырлануучунун аты-жөнү такталып, ал Ак-Кочкор айылынын 25 жаштагы тургуну болуп чыкты. Апасынын айтымында, уулу 5-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал баласынын өлүмүнө тиешеси бар адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен милицияга кайрылган. Арыз Жети-Өгүз РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, экспертизалар дайындалган. Кылдат тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда 5-май күнү саат 23:30дар чамасында маркумдун 24 жана 15 жаштагы тургундар менен Ак-Кочкор айылынан өткөн суунун жанында олтурушкан, алардын ортосунда чыр чыгып, 24 жаштагы жигит маркумду бир нече жолу уруп жиберген, акыркысы эсин жоготкондо, экөө анын денесин суунун жээгине сүйрөп алып барышып, ошол жерге таштап, кылмыш болгон жерден изин жазгырып кетишкенин аныкташкан. Кылмышка шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Райондук соттун чечими менен 24 жаштагы жаран карата 2 айга, ал эми өспүрүм бир айга камакка алуу баш коргоо чаралары кабыл алынды. Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.