SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан 410 миң сом жана 2 миң доллар опузалаган шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан 410 миң сом жана 2 миң доллар опузалаган шектүүлөр кармалды
Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылган ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 4-февралда Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна белгисиз 3 жаран келип, андан 410 миң сом жана 2 миң доллар акча талап кылышкан. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык (опузалап талап кылуу) кылмыш иши козголгон. Аталган кылмышка шектелип Чолпон-Ата шаарынын 22 жана 24 жаштагы эки тургуну жана Талас облусунун 29 жаштагы тургуну кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
edita