SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 29-август күнү саат 16:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга (Тамга айылынан 13 чакырым түштүгүндө, Кажы-Сай айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.