SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жер силкинди

Ысык-Көлдө жер силкинди

Кечээ, 26-майда саат 21:50дө Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Анын радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган. Анын күчү Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 баллга, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 баллга, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.