SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 1 адам жабыркады (сүрөт)

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 1 адам жабыркады (сүрөт)
Бүгүн, 11-июнда саат 00:14 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң айылындагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 93-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Нива унаасы менен оор жүк ташуучу DAF XF унаалары бет маңдай сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Нива унаасынын айдоочусу 1976-жылы туулган эркек киши унаада кыпчылып калган. Жерине Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды унаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54069,54070"]
edita