SerepTV Logo

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Сүрөт

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Сүрөт

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан жаш балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алып жүргөн 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм “Алтын-Балалык” деген борбордо эс алып жаткан.

"Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Көлдүн жээгинен маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди",- деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48951,48952"]
edita