SerepTV Logo

Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция атын тактоого жардам сурайт
Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жансыз дене 16-декабрда Семеновка менен Ананьево айылдарынын ортосунда Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда табылган. Белгилери: бою 175-180 сантиметр, болжолдуу 50-60 жашта, арык дене түзүлүштө. Кийген кийими: күрөң түстөгү айымдардын пальтосу, кара шым, ак рубашка. Кимде ким сүрөттөгү жаранды тааныса, 0709203087, 0394343980 номурларына кайрылсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="90158,90159,90160"]