Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза болду (сүрөт)
Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 32-чакырымында Тойота-Раф4 менен Тойота-Ярис үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 1 кыз каза болуп, 3 адам жабыркаган. Учурда алардын өздүгү такталып жатат.
Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен, ал эми каза болгон кыздын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="65813,65814,65815"]