Ысык-Көлдө эки адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынан чыгышты (видео)
Ысык-Көл облусунда эки адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекемеден маалымдашкандай, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана казыяттын өкүлдөрү менен биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүнүн натыйжасында, 49 жана 46 жаштагы Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургундары диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандыгын жарыялашты. Алардын айтымында, 2013-жылы агымдын ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө түшүнүктөрү болбогондуктан, алардын катарына киришкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам, аталган диний-экстремисттик агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн. Алар "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынан башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.
2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстандагы "Йакын-Инкар" диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.
https://youtu.be/U_KXdVfjK1g