SerepTV Logo

Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды

Ысык-Көлдө аял 13 жаштагы уулу уурдалганын билдирген. Өспүрүм Чүйдө табылды
20-июлда Ысык-Көл РИИБге Чүй облусунун тургуну кайрылып, 13 жаштагы жаш өспүрүм баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын  билдирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Билдирүүгө ылайык, окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин жээгинде таң эрте саат 08:30 чамасында болгон. Билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чаралары башталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү түнкү саат 21:00 чамасында Чүй облусунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, энесине тапшырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Тергɵɵнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.