SerepTV Logo

Ысык-Көлдө айылдаштарынын 25 баш коюн уурдаган 2 жаран кармалды

Ысык-Көлдө айылдаштарынын 25 баш коюн уурдаган 2 жаран кармалды
Ысык-Көлдүн Саруу айылында айылдаштарынын малын уурдап жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда,  өткөн жылдын декабрь айынан баштап, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мал уурулуктун учурлары көбөйүп кеткен. Мал жандыктар негизинен түнкү мезгилде, жакшы жабдылбаган мал сарайлардан жана кашарлардан уурдалып кетчү. «Мал ууру» иш чарасынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан «Субару-Форестер» автоунаасы менен мал ташып бара жаткан эки адам токтотулат. Текшерүү учурунда алардын жанында малдарды ташуу үчүн тийиштүү уруксат кагаздары жок болуп чыгат. Андан аркы териштирүү иштеринин натыйжасында, алар ташып бара жаткан эки баш кой Саруу айылынан уурдалгандыгы аныкталат. Ал жарандар ошол эле айылдын тургундары 23 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы К.М. болуп чыгышып, алгачкы жүргүзүлгөн суракта мал уурдоо боюнча күнөлөрүн моюндарына алышат. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары кармалышкандар, өздөрүнүн эле айылдаштарынан 5 мал уурулук учурларын жасашып, 21 баш койду уурдашканы аныкталды. Жалпы келтирилген материалдык чыгым болжол менен 200 миӊ сомду түздү.. Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөрдүн башка ушул өӊдүү кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилүүдө.
Unknown Author