SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 гектар аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Прокурордук текшерүүдө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук филиалы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 гектар жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган. 2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган. 2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузуу 31 миллион сомго бааланган. Жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулган.
edita